Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

"Super.kg" порталы УКМКнын башчысына кайрылды


"Super.kg" порталынын логотиби.
"Super.kg" порталынын логотиби.

"Super.kg" маанайшат интернет-порталы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына кайрылып, атайын кызматтын атынан порталдын журналистине белгисиз адам телефон чалганын билдирди.

Маалыматка караганда, чалуу 28-май күнү эртең менен болгон. Өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган адам журналистти атайын кызматка келип кетишин талап кылган. Портал жетекчилиги телефон чалган адам чын эле УКМКнын кызматкери экенинен күмөн санай тургандыгын билдирүүдө.

Интернет-басылмадагылар УКМКнын башчысы Идрис Кадыркуловго жазган кайрылууда бул иш боюнча чара көрүүнү өтүнүшкөн. УКМКнын басма сөз кызматы жагдай текшерилген соң комментарий берилерин маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG