Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө кармалган киши жанындагы кызды бычактап салып, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милиция кабарлады.
27-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБне никеге мажбурлап тургузуш үчүн кыз ала качуу аракети жөнүндө арыз түшкөн. Милициянын Бишкек шаардык жана Чүй облусунун бардык райондук бөлүмдөрүнө шектүү киши тууралуу багыттама жөнөтүлгөн.
Бир канча убакыттан кийин “Сосновка” постунда 29 жаштагы айдоочу башкарып бараткан “Subaru Outback” үлгүсүндөгү машине токтотулган. Анда эки жүргүнчү - 30 жаштагы эркек жана 20 жаштагы кыз болгон. Алар Жайыл райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция кызматкери алардын документтерин толтуруп жаткан маалда кыз кабыл алуу бөлмөсүндө отурган. Бир убакта кармалган киши бөлмөгө кирип кетип, эшикти ичинен жаап алган. Милиция кызматкерлери ызы-чуу болуп кеткен бөлмөнүн эшигин талкалап кирип, канга бөлөнгөн кызды көрүшкөн. Шектүү киши кызды бычактап, андан кийин өзүн да жарадар кылган.
Окуядан кийин дароо "Тез жардам" кызматы чакырылып, жабыркагандар Жайыл райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүндө эсине келе албай каза болгон. Кол салган киши ооруканада дарылууда.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча ("Киши өлтүрүү") кылмыш иши козголгон. Экспертизалар дайындалды, тергөө уланууда. (ErN)