Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

УКМК музейди оңдоого жумшалган акчаны териштире баштады


Тарых музейиндеги аттардын жыгачтан жасалган калыбы 14 миң евродон сатылып алынган.
Тарых музейиндеги аттардын жыгачтан жасалган калыбы 14 миң евродон сатылып алынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Териштирүүнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Эсеп палатасы менен чогуу жүргүзүп жатат.

Маалыматта айтылгандай, 2015-жылы премьер-министрдин буйругу менен "Улуттук тарых музейин реконструкциялоо Түркия Республикасынан берилүүчү жардамдын эсебинен жасалсын" деген тапшырма берилген. Келишим боюнча түрк тарап грант катары 15 млн. долларды үч жыл ичинде бөлүп бериши каралган. Жогоруда сөз болгон гранттык каражаттардын 4 млн. доллардан ашыгы музейдин тегерек-четин жана ага жанаша аймактарын көрктөндүрүү менен фасаддык бөлүгүн оңдоо иштерине сарпталган.

Көп узабай гранттык каражаттарды күтпөстөн өкмөт Кыргызстандын өз бюджетинен музейдин курулушун бүткөрүш үчүн каражат издеп табуу жөнүндө бир катар чечимдерди кабыл алган. Натыйжада музейдин ички бөлүгүн реконструкциялоо жана тийиштүү жабдууларды сатып алуу үчүн Турак жай жана жарандык курулуш департаментине жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнүп берилген.

УКМК кабарлагандай, аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдарга юридикалык баа берилет.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 25-майда Улуттук тарых музейин оңдоо маселесин көчмө жыйында талкуулаган. Депутаттар музейди оңдоого акча сарамжалсыз жумшалганын, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганын жарыялашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG