Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Франция менен Азербайжандын министрлери Тоолуу Карабак маселесин талкуулады


Жан-ив Ле Дриан.
Жан-ив Ле Дриан.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-ив Ле Дриан Париж Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагына байланыштуу жаңжалды чечүүнүн жолдорун караштырууга аракет кыла турганын маалымдады.

“Жакынкы айларда Тоолуу Карабак жаңжалын чечүүгө аракет кылабыз деп үмүттөнөм” деди Ле Дриан 27-май күнү Бакуда Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Мамедияров менен өткөргөн басма сөз жыйынында. Ал азыркы жагдайда жаңжал чечилбей турганын белгилеп, “Франция аймакта туруктуулук жана тынчтык орнотууга” аракет кыла турганын айтты.

Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Мамедияров да журналисттерге француз кесиптеши менен Тоолуу Карабак чырын талкуулаганын билдирди. "Биз бул чырды тынчтык жолу менен чечүү стратегиясын сунуш кылабыз жана Франция ЕККУнун Минск тобунун төрагасы катары бул жаңжалды чечүүгө ниеттенет деп санайбыз" деди Мамедияров.

Ле Дриан Кавказ өлкөлөрүндөгү сапарынын алкагында 28-майда Армениянын борбору Ереванга да барары айтылган.

Армениянын 8-майда шайланган жаңы өкмөт башчысы Никол Пашинян премьер-министр болгондун эртеси дароо Тоолуу Карабакка барып кеткен. Ал бул жаңжалды чечүүдө Тоолуу Карабактын өкмөтү сүйлөшүүлөрдүн тең укуктуу катышуучусу болушу керектигин билдирген.

Көбүнесе армяндар жашаган Тоолуу Карабак Азербайжандан көз каранды эместигин 1988-94-жылдардагы согуш учурунда жарыялаган. Ал согушта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылып, жүз миңдеген адам качкынга айланган.

XS
SM
MD
LG