Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Ооганстан менен Пакистан терроризмге каршы күрөштү күчөтөт


Чек арадагы пакистандык жоокер.
Чек арадагы пакистандык жоокер.

Ооганстан менен Пакистандын жогорку аскер адамдары жана чалгын кызматкерлери терроризмге каршы күрөштү чогуу күчөтүүнү макулдашты. Пакистан армиясынын 28-майда тараткан билдирүүсүндө мындай жыйынтыкка эки өлкөнүн аскер жетекчилери Пакистандын Равалпинди шаарындагы жолугушууда келишкени айтылат.

Ооганстандык делегациянын мүчөсү, генерал Камара Жареда Бажу "күмөн санай берүү жакшылыкка алып келбейт" деп билдирген.

Сүйлөшүүлөр Ооганстан менен Кошмо Штаттар Пакистандан өз аймагында жүргөн согушкерлерге чара көрүшүн талап кылып жаткан учурда өттү.

Кабул Исламабадды "Ооганстанда чабуулдарды уюштурган согушкерлерди, анын ичинде “Талибандын” жана “Хаккани” тобунун мүчөлөрүн жашырат" деп күнөөлөп келет.

Ооганстан менен Пакистан такталбаган чек ара тилкесинде аскерлердин өмүрүн алган кагылышууларды да талкуулашты. Апрель айында эки тараптын аскерлери чек ара боюнда үч жолу атыша кеткен. Андан Ооганстан менен Пакистандын бир канча жоокери өлгөн.

XS
SM
MD
LG