Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Жээнбеков: жемкорлорду жазалап, зыянды төлөтүш керек


Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын башчысы Идрис Кадыркуловду кабыл алуу учуру. 28-май, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын башчысы Идрис Кадыркуловду кабыл алуу учуру. 28-май, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга байланыштуу бардык чуулгандуу кылмыш иштерин аягына чыгарып, күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылды. Жээнбеков бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алып жатканда айтты.

Президенттик аппарат кабарлагандай, мамлекет башчы коррупцияга, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын фактыларын аныктоо зарыл экенин белгиледи.

- Күнөөлүү адамдарга катуу чара көрүш керек, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толуктоону камсыз кылуу зарыл, - деди президент Жээнбеков.

Президент менен УКМК жетекчисинин жолугушуусунда Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар да талкууланды.

Президент УКМК өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылган маанилүү органдарынын бири катары ички жана тышкы коркунучтар, эл аралык терроризм жана экстремизм менен натыйжалуу күрөш жүргүзүшү керек экенин белгиледи.

Бүгүн УКМК II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн курулган ипподромго сарпталган каражаттын чоо-жайы жана Улуттук тарых музейин оңдоого жумшалган каражаттын иштетилиши боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирген. Мекеме ошондой эле Бишкек шаарында отургузулган көчөттөрдү кымбат баада сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун ырастаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет учурда ЖЭБ, кошумча нарк салыгы жана башка иштер боюнча да коррупцияга байланыштуу бир катар иштерди тергөөнү улантууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG