Насир-ул-Мулк 25-июлдагы парламенттик шайлоого чейин Пакистандын премьер-министринин милдетин аткарат. Бул тууралуу “Наваз” башкаруучу партиясы жана оппозиция 28-майдагы басма сөз жыйынында билдиришти. Исламабаддагы биргелешкен басма сөз жыйынына башкаруучу партиянын өкүлү, премьер-министр Шахид Хакан Аббаси, төмөнкү палатадагы оппозициянын лидери Сайед Хуршид Шах жана Улуттук жыйындын спикери Аяз Садик катышты. Алардын айтымында, 67 жаштагы Насир-ул-Мулк азыркы премьер-министр Шахид Хаган Аббаси кызматын тапшыргандан кийин бир күндөн соң, 1-июнда ант берип, кызматына киришет.
Оппозициянын лидери Сайед Хуршид Шах: “Мен 25-июлдагы шайлоону ал ийгиликтүү өткөрөт деп үмүттөнөм” деди.
Пакистанда өкмөт башчыны парламент шайлайт. Насир-ул-Мулк 2014-2015-жылдары Пакистандын башкы судьясы кызматын аткарган.
25-июлда Пакистанда парламенттик шайлоо өтөт.