Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Оштун Алай районунда быйыл жайында "Айыл оттору" аттуу фестиваль өткөрөт.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында уюштурулуп жаткан иш-чаранын максаты - айыл маданиятын жандандыруу, жер-жерлердеги маданий мекемелерге жаш адистерди тартуу. Иш-чара ошондой эле жергиликтүү өнөрпоздорго колдоо көрсөтүп, элдик кол өнөрчүлөрдүн, усталар менен уздардын эмгегин жайылтууну, Кыргызстанга туристтердин кызыгуусун арттырууну көздөйт. Фестивалды уюштуруунун дагы бир максаты - улуттук маданий салттарды, өнөрлөрдү жаңы инновациялык тажрыйбалар менен айкалыштыруу.
"Айыл отторунун" алкагында жергиликтүү өнөр адамдары менен республикага таанымал таланттардын биргелешкен театрлаштырылган кечелери өткөрүлөт.
Бул фестиваль жыл сайын өтүүчү иш-чара, ага жергиликтүү жана борбордук бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын, өкмөттүк эмес уюмдардын адистери да катышат. Фестиваль Гүлчө айылында болот. (SE)