Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында шайлоочуларды каттоо борборунун кызматкерин белгисиз согушкерлер өлтүрүп кеткен. Провинциянын полиция башчысынын басма сөз катчысы Чишти Шарифтин айтымында, кол салуу 27-май күнү кечинде болгон.
Акыркы кол салуу үчүн бир да топ жоопкерчилик ала элек. Буга чейин "Талибан" кыймылы кол салууларын күчөткөнүн жана жазгы чабуулдарын баштаганын жарыялаган.
Ооганстанда парламенттик шайлоо октябрь айында өтөт. Шайлоочуларды каттаган борборлор да согушкердин бутасына алынууда.
Апрелде Кабулдагы шайлоочуларды каттоо борборунда уюштурулган жардыруудан 60тай кишинин өмүрү кыйылган. Ал калаба үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал уюму өз мойнуна алган.