Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Өзбекстан менен Түркмөнстандын аймагын туздуу бороон каптады


Кум, туз аралаш бороон Өзбекстан менен Түркмөнстандын аймагын каптаган.

Түркмөнстандын Дашогуз жана Лебап аймактарын кум аралаш туздуу бороон каптады. Катуу шамал Өзбекстандын Арал деңизине жакын жерден, Каракалпакстандын аймагынан башталганы кабарланууда. Өзбекстандын Хорезм, Бухара жана Навои облустарында да ушундай бороон көтөрүлгөн. Бул облустар Түркмөнстандын Лебап облусу менен чектешет.

Кум, туз аралаш бороон каптаган Түркмөнстандын дагы бир облусу - Дашогуз экологиялык шарттары оор аймак катары белгилүү. Арал деңизинин кургап калышынын ириде ушул аймакка кесепети көп тийген. Аймактын топурагы шор жана суу запасы да жетишсиз.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG