Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Москва: Прокурор украин журналистин 14 жылга соттоону өтүндү


Роман Сущенко.
Роман Сущенко.

Москва шаардык сотунда прокурор 2016-жылы тыңчылыкка байланыштуу айыпталып кармалган украин журналисти Роман Сущенкону 14 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу анын адвокаты Марк Фейгин билдирди. Москва шаардык сотунда дүйшөмбү күнү тараптардын жарыш сөзү башталды. Өкүм июнь айында чыгышы мүмкүн.

Адвокат Сущенкону жакында Киевде кармалган "РИА Новости Украина" агенттигинин редактору Кирилл Вышинскийге алмаштыруу мүмкүн экенин четке каккан жок. Киев орусиялык мамлекеттик «РИА Новости» агенттигинин Украинадагы бөлүмүнүн башчысын "чыккынчылык кылган жана Украинага каршы маалыматтык кутум жасаган" деп кармаган.

Роман Сущенко "Укринформ" агенттигинин Франциядагы кабарчысы болуп иштеген. Ал 2016-жылы жеке сапары менен Москвага келгенде кармалып, тыңчылык боюнча айыпталган. Федералдык коопсуздук кызматынын версиясы боюнча, Сущенко – Украинанын Коргоо министрлигинин кызматкери, ал Москвага орусиялык аскерлер тууралуу маалымат чогултууга келген.

Журналист айыптарды четке кагып келатат. Украинанын Тышкы иштер министрлиги Роман Сущенконун ишин "ойдон чыгарылган" деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG