Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Якутиянын башчысы кызматынан кетти


 Егор Борисов.
Егор Борисов.

Ыраакы Чыгыштагы Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Егор Борисов кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын 28-майда билдирди. Ал муну "бардык деңгээлде ротация жүрүшү керек" деп түшүндүрдү.

63 жаштагы Борисов Владимир Путин жаңы мөөнөткө президент болуп шайлангандан кийин "аймак да жаңы лидерге муктаж болуп турат" деди.

Егор Борисовдун улуту якут, ал Саха Республикасынын башчысы болуп 2014-жылы шайланган. Анын кызмат мөөнөтү 2019-жылы аяктамак.

18-марттагы президенттик шайлоодо Путин кайрадан мамлекет башчы болуп шайланган. Байкоочулар Путин Якутиядан салыштырмалуу аз добуш алгандыктан Кремль аймактын башчысына ичи чыкпай жүргөнүн белгилеп жатышат.

Калкы аз Якутия - Орусиянын 85 аймагынын ичинен аянты боюнча эң чоңу, ал алмаз жана башка табигый кендерге бай.

28-майда Ыраакы Чыгыштагы Магадан облусунун губернатору Владимир Печоньян да кызматынан кеткени маалым болду. Анын арызын Путин кабыл алды жана облустун губернаторунун милдети Сергей Носовго жүктөлдү.

Быйыл сентябрда Орусиянын 20 губернаторун шайлоо болот. Анын 13үндө мөөнөтүнөн мурда, ал эми жетөөндө кезектеги шайлоо өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG