Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Алматы соту көз карандысыз "Ratel.kz" сайтын жапты


"Ratel.kz" сайты жана анын редактору Марат Эсиповго байланыштуу иш Алматы сотунда апрелде карала баштаган.  
"Ratel.kz" сайты жана анын редактору Марат Эсиповго байланыштуу иш Алматы сотунда апрелде карала баштаган.  

Алматы шаарынын Медеу райондук сотунун судьясы Гулмира Бейсенова 28-майда шаардык прокуратуранын "Ratel.kz" сайтынын баш редакторунун үстүнөн жазган арызын канааттандырды.

- "Ratel.kz" аналитикалык интернет-порталынын кызматы токтотулсун, анын каттоосу жоюлсун жана анын домендерин колдонууга бир жылга тыюу салынсын, - деди судья Гүлмира Бейсенова.

Сот чечиминде дагы бир канча интернет сайтка "Ratel.kz" сайтынын материалдарын жарыялоого тыюу салынды.

"Ratel.kz" сайты жана анын редактору Марат Эсиповго байланыштуу иш Алматы сотунда апрелде карала баштаган.

2-апрелде полиция "Ratel.kz" сайтынын жана "Forbes Kazakhstan" журналынын жергиликтүү кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, компьютер, документтерди алып кеткен. Кийин тартип коргоочулар тинтүү мурдагы министр Зейнулла Какимжановдун доо арызынын негизинде болгонун айтышкан. Экс-министр сөз болгон ресурстар анын беделине шек келтирген жалган маалымат жарыялашканын айтып келатат.

XS
SM
MD
LG