"Conflict Intelligence Team" иликтөө тобу 23-майда Сириядагы атышууда көз жумган дагы бир орусиялык жарандын ысымы белгилүү болгонун маалымдады. Алардын маалыматына караганда, Александр Филимоновду кошкондо Дэйр-эз-Зордогу уруштарда кеминде алты орусиялык көз жумган. Буга чейин Сирияда Вячеслав Кравченко, Дмитрий Вершинин, Сергей Елин, Игорь Михайлов жана Кирилл Полищук каза тапканы айтылган.
Расмий маалымат боюнча 23-майда Сирияда төрт аскер мерт кеткен. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги алардын аттарын атаган эмес.
Буга чейин "Франс-Пресс" агенттиги 23-майдагы уруштарда тогуз орусиялык көз жумганын жазган. Ал эми "Новая газетанын" маалыматы боюнча өлгөндөрдүн кеминде экөө “Вагнердин аскердик жеке компаниясынын” жоокерлери.
23-майдагы куралдуу кагылыштын чоо-жайы белгисиз. Орусиянын Коргоо министрлиги ал күнү “Ислам мамлекети” террордук тобу сириялык аскерлерге кол салганын жазган. Бирок "Коммерсантъ" гезитинин жазышынча, орусиялык аскерлер кол салууну Сириянын түштүгүндөгү Ат-Танфе базасынан келген “Эркин Сирия армиясынын” жоокерлери жасаган деген маалыматты да текшерип жатат. Аталган аскердик базаны АКШ башында турган эл аралык коалиция колдонот.
Расмий маалымат боюнча, 2015-жылдан бери Сирияда орусиялык 91 жоокер курман болду. Бул - орусиялык аскер бөлүктөрдөгү жоокерлер. Ал эми Сирияга жеке аскердик компаниялар аркылуу барып, каза тапкан орусиялыктар бул эсепке кирген эмес.