Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

"KAZ Minerals Bozymchak" курамында алтын бар 9,8 тонна концентрантты өлкөдөн чыгарып кеткен


"KAZ Minerals Bozymchak" ишканасынын башкы директору Ильяс Тулекеев.
"KAZ Minerals Bozymchak" ишканасынын башкы директору Ильяс Тулекеев.

Бул 2014-2016-жылдары ишке ашырылганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат маалымдады. Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, "KAZ Minerals Bozymchaк" компаниясынын кызматкерлери мамлекеттик казынага салык төлөбөй жүргөнү аныкталып, былтыр декабрда кылмыш иши козголгон:

- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси ("Чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларынан четтеши") менен кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик салык кызматы текшергенде бул ишкана 2014-жылдан бери салыкты "курамында алтын бар концентранттан" түшкөн киреше иретинде эмес, "курамында жез бар концентранттан түшкөн киреше" иретинде төлөп жүргөнү аныкталган.

Салык кызматы "KAZ Minerals Bozymchaк" ишканасы ошону менен 2014-2016-жылдар аралыгында 55 млн. сомдон ашуун салыкты төлөбөй келгенин аныктаган.

Бул ишке байланыштуу "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев 26-майда кармалып, 28-майда Биринчи май райондук соту тарабынан бошотулган, учурда тергөө уланып жатат. Ал эми ал жетектеген ишкана 2014-2016-жылга карата 55 миллион сомдон ашуун салыкты соттук териштирүү аягына чыкканга чейинки талаштуу тартип менен 28-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын эсебине которгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG