Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

Роман Абрамович Израилдин жарандыгын алганы кабарланууда


Роман Абрамович.
Роман Абрамович.

Орусиялык миллиардер Роман Абрамовичтин жаңы жарандыгы тууралуу израилдик маалымат каражаттары, анын ичинде "NEWSru Israel" агенттиги жазып чыкты. Май айынын башында Абрамовичке Британия инвесторлук визасын узартпай койгону белгилүү болгон. Британ бийлиги орусиялык олигарх жаңы виза алыш үчүн британ бийлигине өз байлыгын мыйзамдуу жол менен тапканын далилдеши керек экенин билдирген.

Маалымат каражаттары "орус олигархы ушул себептен улам израил жарандыгын алды" деп жазып жатышат.

Айрым маалыматтар боюнча, Абрамович израил жарандыгын "Кайтып келгендиги тууралуу мыйзамды" пайдаланып алган, анткени бул мыйзам боюнча израил жарандыгын бардык еврейлер алса болот.

Израил бийлиги бул маалымат боюнча азырынча үн ката элек.

XS
SM
MD
LG