Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Оштогу базарда соода жайлары күйүп кетти


Оштогу өрттү өчүрүү учуру.
Оштогу өрттү өчүрүү учуру.

Ош шаарынын борбордук базарында соода контейнерлеринин биринен өрт чыгып, коңшулаш соода жайларын каптап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Өрт кызматына бүгүн эртең менен саат 07:50дө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бир мүнөттөн кийин эле Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм, он мүнөттөн кийин дагы бир бөлүм тартылган. Натыйжада өрт саат 08:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн себеби аныкталууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт боюнча милиция да иликтөө иштерин алып бара баштады. (ErN)

XS
SM
MD
LG