Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Садыр Жапаровдун тарапкерлери соттун алдында чогулду


Садыр Жапаровдун тарапкерлери Жогорку соттун маңдайында.
Садыр Жапаровдун тарапкерлери Жогорку соттун маңдайында.

Бишкекте Садыр Жапаровдун ишин караганы жаткан Жогорку соттун алдында саясатчынын элүүдөн ашык тарапкери чогулду. Алар соттон ишти калыс кароону, Жапаровго боштондук берүүнү талап кылышууда. Митингчилер колдоруна ар кандай транспаранттарды кармап турушат.

Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алып, соттук отурумду 29-майга белгилеген. Сот азыр башталганы турат.

Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, шаардык соттун чечиминен кийин алардын бир жылга чейин Жогорку сотко кайрылууга укугу бар болчу. Жаңы президент келгенден кийин “сот ишти калыс карайт” деген үмүт пайда болуп, эми гана даттанышкан.

Токтосуновдун айтымында, "Садыр Жапаровдон жабыркады" деген Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев да Жапаровду актап берүүнү өтүнүп Жогорку сотко арыз берди. Азырынча бул өтүнүч качан каралары белгисиз.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митингди уюштуруп, ошол кездеги губернаторду барымтага алуу боюнча айыпталып кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта Жапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл, алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Саясатчы Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG