Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:42

Роза Отунбаева дүйнөдөгү 100 таасирлүү инсандын катарына кирди


Роза Отунбаева.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева "Apolitical" сайтынын тизмеси боюнча гендердик саясат жүргүзүүдө дүйнөдөгү эң таасирлүү 100 инсандын катарына кирди.

"Apolitical.co" деген сайт дүйнөдөгү коомдук ишмерлердин, лидерлердин жана көрүнүктүү инсандардын идеяларын кубаттаган жана аларды бириктирген түйүн катары кызмат кылат. Сөз болуп жаткан тизмеге Роза Отунбаева менен кошо Канаданын премьер-минстри Жастин Трудо, Пакистандын активисти Малала Юсуфзай, БУУнун Аялдар программасынын аткаруучу директору Фумзиле Мламбо-Нгкука, Швециянын тышкы иштер министри Маргот Уалстром жана башкалар кирген.

Таасирлүү адамдардын тизмеси бир катар эксперттерди, эл аралык уюмдарды, академиялык кеңселерди, өкмөт өкүлдөрү сурамжылоодон кийин түзүлгөн.

Буга чейин Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага тынчтык менен эл аралык коопсуздукту сактоого, демократияга кошкон салымы жана саясий ишмердиги үчүн “Минерва-2015” эл аралык сыйлыгы берилген. Мындан сырткары Отунбаева 2012-жылы Евразия фондунун "Bill Maynes 2012" деген сыйлыгына татыган. 2011-жылы дүйнөнүн ар тарабынан тандалган тогуз аялдын катарында Роза Отунбаевага АКШнын Мамдепартаменти уюштурган “Каарман аял” эл аралык сыйлыгы тапшырылган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG