Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Директору камалган “Электр станциялары” жаңы жетекчилүү болду


Аскар Эшимбеков.
Аскар Эшимбеков.

Кыргызстандын ири энергетикалык компаниясы – “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун директору болуп Аскар Эшимбеков дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Эшимбеков 56 жашта, электр станциялары, тармактары жана системалары боюнча адис. Энергетика системасында 33 жыл иштеген. Эмгек жолун Ош жылуулук электр борборунда баштап, “Түндүк электр” ишканасында катардагы жумушчудан башкы директорлукка чейин жеткен. Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон, Жогорку Кеңеште эксперт болуп иштеген.

Буга чейин Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында башка жетекчилер менен кошо "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев камакка алынган. УКМК Бишкек ЖЭБинин, "Электр станциялары" ААКынын жана "Улуттук энергохолдинг" ААКнын бир топ кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы") беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгогон.

“Электр станциялары” компаниясы Кыргызстандагы электр энергиясын 98% өндүрүүнү башкарат. Ошондой эле ички жана сырткы энергия колдонуучуларды тейлейт. Мекемеде жалпысынан 4300 кызматкер бар. Компаниянын курамына 7 ГЭС жана 1 ЖЭБ (ТЭЦ) кирет. (ErN)

XS
SM
MD
LG