Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Окуу жылынын мөөнөтүн жылдыруу маселеси июнда чечилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп окуучулары үчүн окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу жөнүндө сунуш өкмөттө каралган соң, маселе июнь айында чечилет. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди. Анын айтымында, министрлик окуу жылын 10-сентябрда баштап, 31-майда аяктоону сунуш кылууда.

Буга чейин Кудайбердиева окуу жылынын башталышын которууну 2018-2020-жылдары сынап көрүп, андан соң акыркы чечим кабыл алуу каралып жатканын билдирген. Министр мындай жол менен туристтик сезон да узартылып, окуу программасын өзгөртүүнүн зарылчылыгы да болбой турганын кошумчалаган.

Парламенттин азыркы төрагасы Дастанбек Жумабеков окуу жылын 20-сентябрда баштоону сунуш кылган. Ал муну туристтик сезонду узартуу зарылчылыгы менен түшүндүргөн болчу.

Азыр Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG