Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Санжар Исабаев Манасбек Арабаевдин ордуна келди


Санжар Исабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Санжар Исабаев 1981-жылы туулган. 2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси. 2005-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку соттун аппаратында улук референт, улук консультант, бөлүм башчысы жана Жогорку соттун төрайымынын жардамчысы болуп эмгектенген. 2015-жылдан 2016-жылга чейин президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2016-жылдын апрель айынан 2018-жылдын май айына чейин Бишкек шаардык сотунда судьялык кызматты аркалаган.

Исабаев бир катар соттук иштерге киришери басма сөздө айтылып келген Манасбек Арабаевдин ордуна келди. Мурдагы судья Максуда Оморова кызы Гүлчехра Оморованы судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда алынганы үчүн Арабаевди "сот чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет" деп күнөөлөгөн. Арабаев бул айыптоолорду четке каккан. Арабаев 15-майда кызматтан алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG