Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Роскомнадзор "Apple" компаниясын "Telegramга" байланыштуу эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Роскомнадзор "Apple" компаниясынан тиркемелерден Орусияда тыюу салынган "Telegram" мессенжерин алып салууну талап кылды. Бул тууралуу маалымат жана байланыш технологияларын тескеген агенттиктин сайтында айтылат. "Интерфакс" агенттиги маалымдагандай, мекеменин жетекчиси Александр Жаров компанияга бир ай мөөнөт берилерин эскертти. Роскомнадзор "Apple" кызматынын иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин кошумчалады.

16-апрелде агенттик кат жазышуу ачкычтарын атайын кызматка берүүдөн баш тарткандыгы үчүн "Тelegram" мессенжерин Орусиянын аймагында жаба баштаган. Натыйжада 20 миллиондой IP-дарек тыюу салынгандардын тизмесине киргизилген, орусиялык бир катар сайттар менен кызматтардын иши үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG