Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Пакистан чалгын кызматынын мурдагы жетекчисине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Пакистандын желеги.
Пакистандын желеги.

Пакистандын чалгын кызматынын мурдагы жетекчисине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Отставкадагы генерал-лейтенант Асад Дуррани Индиянын атайын кызматынын мурдагы башчысы менен кошо эскерүүлөрдү чыгаргандан кийин дүйшөмбү күнү куралдуу күчтөр аны суракка чакырган.

Дуррани чалгын мекемесин 1990-92-жылдары жетектеген. Өткөн аптада чыккан китепте эки өлкөнүн Ооганстан, талашка түшкөн Кашмир аймагы боюнча атаандаштыгы баяндалган. Кошмо Штаттар көптөн бери Пакистанды Ооганстандагы согушкерлерди колдогону үчүн айыптап келатат. Исламабад болсо дооматтарды четке кагууда. Пакистан армиясынын өкүлдөрү эскерүүлөрдүн кайсы бөлүгү “аскердик тартипти бузаарын” айтышкан жок.

Китепте ошондой эле "Пакистандын бийлиги 2011-жылы "Ал-Каиданын" анабашы Усама бин Ладендин баш калкалаган жери жөнүндө АКШны кабардар кылган" деген божомол айтылган. Исламабад америкалык аскерлердин бин Ладенди жок кылуу операциясы тууралуу андан кийин гана билгенин кайталап келген.

XS
SM
MD
LG