Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:01

Казакстанда мектептердеги жоолук маселеси кайра козголду


Казакстан. Актөбөдөгү жергиликтүү мектепте хижаб маселеси талкууланып жаткан учур. 3-февраль, 2018-жыл.

Казакстандын Актөбө облусунда жоолук салынганы үчүн мектептерге кое берилбеген кыздардын маселеси ачык бойдон калууда. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги аларды экинчи жылга калтыруу тууралуу чечимди ата-энелери менен сүйлөшкөндөн кийин кабыл алмакчы. Актөбө облусунун Дин маселелери боюнча башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, ушул окуу жылынын аягына карай 22 окуучу кыз «бирдиктүү форма кийүү тартибин» бузганы үчүн сабактарга барган эмес.

Билим берүү министринин милдеттүү мектеп формасы жөнүндөгү 2016-жылкы буйругу мектеп администрациялары менен жоолук салынган кыздардын ата-энелеринин ортосунда талашка түшүп келген. Кыздар диний көз караштарынан улам жоолуктарын мектепте чечүүдөн баш тартып келатышат.

Ондогон ата-эне сотко доо арыз менен кайрылган, бирок соттор министрлик менен мектептердин чечимин колдошкон.

XS
SM
MD
LG