Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Балыкчыда катуу сабалган эки жаштагы бала ооруканага түштү


Балыкчыда сабалган бала.
Балыкчыда сабалган бала.

Балыкчы шаардык аймактык ооруканасына эки жаштагы бала таяк жеп түштү. Бул тууралуу бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары Айгүл Кыштобаева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, бала 28-май күнү жаткырылган.

Дарыгердин белгилешинче, баланын мээси чайкалган, бети-башы көгөрүп кеткен. Бетинде күйүктүн издери бар. Бирөөлөр баланын бетине тамеки баскан же ысык сууну чачып жиберген деп болжолдонууда.

Бул окуя боюнча Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн жана Балыкчы шаардык мэриясынын кызматкерлери чогуу тергөө иштерин баштады. Баланы анын ата-энеси же жакын туугандары сабаган болушу мүмкүн деп шектелип жатат. Соттук медициналык экспертизалар дайындалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG