Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Акыйкатчы абакта балдардын укуктары бузулуп жатканына кабатырланды


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргызстандагы абактарда жана убактылуу кармоочу жайларда отурган балдардын укуктарына тынчсыздануусун билдирип, алардын негизги көйгөйлөрүн аныктады.

Атап айтканда, “Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктары” деп аталган баяндамада айтылган маалыматтарга караганда, бардык облустарда атайын балдарды кармоочу тергөө изоляторлору салынган эмес.

Кыргызстандын “Бала жөнүндө” кодексинде ювеналдык юстициянын бир талабы катары өспүрүмдөр үчүн атайын сот болушу зарыл экени айтылган. Бирок өлкөдө балдар үч­үн бир да балдар соту ишке киришкен эмес. Ал эми жалпы соттордо балдарга байланыштуу иштер айлап-жылдап каралып, анын айынан көп балдар убактылуу кармоочу жайда узак убакыт отурушат.

Маселен, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) караштуу №14 түзөтүү колониясындагы иштерди иликтей келгенде сот процессинин убагында балдар жабык мекемелерде бир жылга чейин, айрым учурларда андан да узак убакытка жатып калаары аныкталган. Буга соттун создуктурулуп каралганы себеп болгон. Иштердин 42% бөлүгүндө гана баланын кармалганы жөнүндө оозеки же жазуу жүзүндө анын ата-энесине маалымдалган. Ошондой эле кармалгандардын 36% жактоочу берилген эмес.

Документте белгиленгендей, тергөө изоляторлорунда балдарга окуусун улантууга шарт жок. Натыйжада жашы жете электер адистештирилген билим ала албай, турмушта өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, андан ары өсүшүнө кедергисин тийгизет. Бул келечекте бул жерге түшкөн жеткинчектер кылмыш дүйнөсүнө жакындашуусуна кайрадан шарт жаратып берээри айтылган.

Жогоруда келтирилген көйгөйлөрдү чечүү жана балдар укуктарынын талапка ылайык сакталышы үчүн акыйкатчы Кубат Оторбаев тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуш киргизилгенин билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG