Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Бельгиядагы кол салуу теракт катары бааланууда


Теракт. Льеж. 29-май, 2018-жыл.
Теракт. Льеж. 29-май, 2018-жыл.

Бельгиянын Льеж шаарындагы кол салуу теракт катары иликтенип жатат. Шаар прокурору билдиргендей, бүгүн бир киши эки полициячы аялга бычак сайып, алардын куралын тартып алып, экөөнү жана окуяга күбө болгон бир айдоочуну атып салды. Кийин мектеп имаратына качып кирип, тазалап-жыйнаган аялды барымтага алган. Кол салган киши полиция менен атышууда набыт болду, аял аман-эсен куткарылды.

Жергиликтүү RTBF телеканалы терактты 36 жаштагы Бенжамэн Эрман жасаганын маалымдады. Буга чейин ал майда кылмыш үчүн соттолуп чыккан. Телеканал ал түрмөдө радикалдарга кошулганын кабарлады. Льеж шаарына падыша Филипп жана премьер-министр Шарль Мишель жөнөштү.

XS
SM
MD
LG