Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Оогандык аялдарга зомбулук көргөзгөндөр көп учурда жазаланбайт


Оогандык аялдары
Оогандык аялдары

Оогандык аялдарга каршы зомбулукка баргандар көп учурда жазасыз кала берет. Мындай бүтүмгө БУУнун бүгүн жарык көргөн докладынын авторлору келишти.

Адам укуктары боюнча кеңсе жана Ооганстанга жардам берүү миссиясы биргелешип чыгарган баяндамада белгиленгендей, тараптар өз ара сүйлөшүп алгандыктан кылмыш жасаган деп шектелген адамдар адатта жазаланбай калат.

Жабыркаган кыз-келиндер өздөрү, жакындары жамаат башчылары же жергиликтүү кеңеш жетекчилеринин кысымына баш ийүүгө аргасыз болушат.

Аялдар уруп-сабоого туш болгондо, майып кылынганда же өлтүрүлгөндө арачылар ортого түшүп маселени чечишет, - дешет доклад авторлору.

Алар 2015-жылдын августунан былтыркы жылдын соңуна чейин аялдарга каршы катталган 237 учур менен таанышып чыгышкан. Ошондой эле 1 миң 826 ортомчу менен сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG