Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 03:22

Грузия Сирия менен мамилелерин үзөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Сирия жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарын эгемен өлкө катары таанымакчы болгондон кийин Тбилиси Дамаск менен дипломатиялык алакаларды үзүү процессин баштады.

"Орусия жазгырган Башар Асаддын режими Грузиянын тарыхый аймактарынын эгемендигин таануу менен дагы бир жолу эл аралык мыйзамдарды бузду жана эл аралык коомчулук муну айыпташы керек", - деп жазды бүгүн "Твиттерге" Грузиянын тышкы иштер министри Михаил Жанелидзе. Ошол эле күнү Грузиянын тышкы саясий мекемеси жасаган билдирүүдө Сирия менен мамилелерди токтотуу процедурасы башталганы айтылат.

Сириянын САНА маалымат агенттиги кабарлагандай, Абхазия менен Түштүк Осетия террордук агрессияга туш болгон Сирияга колдоо көргөзүшкөн. Дамаск алардын эгемендигин таануу менен ыраазычылыгын билдирүүнү чечти.

XS
SM
MD
LG