Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 11:01

Албек Ибраимов депутаттарды муниципалдык кызматкерлерди урматтоого чакырды


Бишкектин мэри Албек Ибраимов.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов шаардык кеңештин депутаттарын муниципалдык кызматкерлерге сый мамиле кылууга чакырды.

29-май күнү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына чакырылган аткаминерлер кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазып, кетип калган себебин түшүндүрүп жатып, Албек Ибраимов буга депутаттардын да тиешеси бар экенин айта кетти:

- Эмне үчүн мындай болуп жатат? Бүгүн бул жерге келип, маалымат берүүгө жооптуу адам арызын жазып, кызматтан кетти. Сиздер долбоордун башына жаңы эле дайындалган кишини да суракка алып жатасыздар. Эмне үчүн бул маселе боюнча эки жылдан бери иш алып барып жаткан вице-мэрден маалымат алууга болбосун? Кызматкерлер эмнеге кетип атышат? Анткени ушул жерде сиздердин алдыңыздарда кемсинип тургусу келбейт. Сиздердин суроолор түздөн-түз суракка айланып жатат. Депутаттар тарабынан атайылап муниципалдык кызматкерлерди басынтуу болуп жатат.

Бишкек шаардык кеңешинин 29-майдагы жыйынында маалымат берүүгө жооптуу вице-мэр Айгүл Рыскулова кызматынан арыз жазып кеткени маалым болгон. Ошондой эле бул жыйында Бишкектеги таштанды иштетүүгө грант жана насыя каражаттарын тартуу долбоору боюнча маалымат берүүгө чакырылган "Бишкек санитардык полигону" ишканасынын башчысы Болот Асаналиев да өз арызы менен иштен кеткени айтылды. Депутаттарга бул долбоор боюнча Гүлзат Кадыралиевадан маалымат сурашканда, жаңы эле дайындалган кызматкер көп суроолорго жооп бере алган жок.

Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG