Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Израиль Газа тилкесине жооп иретинде сокку урду


Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесине сокку уруу менен бүгүн эртең менен болгон аткылоого жооп кайтарды.

Маалыматтарга ылайык, Израиль аскрелери ХАМАС жана "Ислам жихады" радикал уюмдарынын объекттерин бутага алышкан. Курман болгондор тууралуу кабарланган жок. Израиль армиясы бүгүн эртең менен Газа тилкесинен өлкөнүн түштүк аймагына кеминде 25 ракета атылганын билдирген.

Ракеталардын көбү атып түшүрүлгөн, бирок бир нечеси жерде жарылган, бирөө бала бакчанын жанына тийген. Жабыркагандар жок. Аткылоо үчүн жоопкерчиликти эч ким алган жок, бирок кечээ “Ислам жихады” деген уюм Израилдин дарегине опузалаган эскертүү жасаган. Премьер-министр Беньямин Нетаньяху ракета атуулардан кийин күнөөлүүлөргө каршы чечкиндүү чара көрүлөөрүн айткан.

XS
SM
MD
LG