Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:17

Азербайжан "Түштүк газ коридору" долбоорунун биринчи фазасын ачты


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжан "Түштүк газ коридору" аттуу долбоордун биринчи баскычын ачты. Түтүк Каспий деңизинен чыккан жаратылыш газын Европага Орусияны кыйгап жеткирип турмакчы.

"Долбоор Европанын жаңы энергетикалык картасын пайда кылат", - деди Азербайжандын президенти Илхам Алиев 29-майда Бакунун жанында өткөн салтанатта. Батыш өлкөлөрүнүн жогорку өкүлдөрү катышкан иш-чарада Алиев Сангачал газ терминалындагы кранды ачты.

Жаңы куурдун узундугу 3 500 чакырымга барабар. Ал Грузияны, Түркияны, Грецияны, Албанияны аралап өтүп, Адриатика деңизинин түбү менен Италияга чейин төшөлөт. 2020-жылдан тартып ал Европага жылына 10 млрд. куб метр газ жеткирип турмакчы.

XS
SM
MD
LG