Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:32

Израил Палестинага жооп катары Газа тилкесин аткылады


Биньямин Нетаньяху.

Израилдин куралдуу күчтөрү шейшембиде таңга жуук өз аймагына Палестина тараптан аткылоого жооп кылып, Газа тилкесине абадан сокку урду.

Күбөлөрдүн айтымында, абадан урулган сокку ХАМАС жана "Ислам жихады" топторунун турумдарын бутага алган. Курмандыктар тууралуу азырынча маалымат жок.

Израил аскерлеринин маалыматы боюнча, шейшембинин таңында Палестина тараптан кеминде 25 ракета Израилди көздөй атылган. Алардын бири бала бакчага жакын жерге түшкөнү кабарланууда, курмандыктар жок. Бул аткылоо үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. Бирок "Ислам жихады" тобу мурдараак Израилдин дарегине коркуткан билдирүү тараткан эле.

XS
SM
MD
LG