Бишкек шаардык кеңеши бүгүн таштандыны кайра иштетүү долбоорунун аткарылышын талкуулайт. Бул маселени шаардык кеңеш 29-майда карамак. Бирок долбоор боюнча иш алып барган "Бишкек санитардык полигону" ишканасынын жетекчиси Болот Асаналиевдин кызматтан кетип калганына байланыштуу талкууланбай калган.
Депутаттар 30-май күнкү сессияга Болот Асаналиевдин келип, маалымат беришин камсыз кылууну шаардын мэриясынан талап кылышты.
Бишкектеги таштанды иштетүүгө гранттык жана насыя каражаттарды тартуу боюнча долбоорду 2013-жылы депутаттар бекиткен. Шаардык кеңештин басма сөз өкүлү Чынара Усупбаева "Азаттыкка" буларды билдирди:
- Долбоор 2015-жылдан тартып иштей баштаган. Анткени ага чейин да парламенттин ратификациясы, президенттин макулдугу сыяктуу тиешелүү уруксаттар зарыл болгон. "30-майда долбоордун жетекчиси Болот Асаналиев келип, маалымат берсин" деген талап коюлду. Себеби, акча кантип, кайда жумшалган, 130 миң сомдук айып санкциялар кайдан чыкты деген сыяктуу суроолор жоопсуз калып жатат.
Долбоорго ылайык, Бишкекте таштанды иштетүү "Бишкек санитардык полигону" менен "Тазалык" ишканаларына жүктөлгөн. Долбоорду ишке ашырууга Европа өнүктүрүү банкынан 22 млн. евро алынган. Бул каражаттын тең жарымы насыя, теңи грант катары берилген. (ZKo)