Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен күздүн ортосунда барат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Орусиянын Ташкенттеги элчиси Владимир Тюрденевге шилтеме берип жазышты.
"Сапар күздүн ортосуна белгиленди, болжол менен октябрда болот. Азырынча расмий ырастама жок болгондуктан так датасын айтуу кыйын. Бирок орус президентинин сапары макулдашылган", — деди элчи.
Учурда Орусия соода-экономикалык жактан Өзбекстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири. Өлкөдө орусиялык капитал катышкан 960 ишкана иштейт. Өзбекстандын Соода - өнөр жай палатасынын божомолуна ылайык, жыл соңуна чейин бул сан миңден ашат. Өз кезегинде Орусияда 560тан ашык өзбек ишканасы иштеп жатат.
Өзбекстан Орусия менен товар алмашуу жагынан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү орунда. 2017-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 3,6 миллиард долларды түзүп, 33,9% көбөйгөн.
Быйыл январь-февраль айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу 50,2% өсүп, дээрлик 600 миллион долларга жеткен. Орусиянын экспорту 59,7%, импорту – 28,1% арбыган. Ошол эле маалда Орусиянын Өзбекстанга салган инвестицияларынын жалпы көлөмү 8,5 миллиард доллардан ашкан.