Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Алимент төлөбөгөндөрдү кылмыш жообуна тартууга жол ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ажырашып кеткенден кийин балдарына алимент төлөбөгөндөр эми кылмыш жообуна тартылат. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Анын айтымында, мурда административдик гана жазалоо каралып келген, эми мыйзамдар өзгөртүлүп, кылмыш жоопкерчилиги да кирди:

- Кылмыш-жаза кодексинде анча оор эмес кылмыштардын катарына кирчү. Ал жерде айыпкерге эркинен ажыратуу көрсөтүлгөн эмес. “Балдарын багуудан баш тартуу” деген 162-берене бар. Жазасы жеңил көрсөтүлгөн. Ошондуктан аны камакка алып, издөө жарыялоого мүмкүнчүлүк жок болчу. Кылмыш-жаза кодексине жаңы өзгөртүүлөр боюнча биринчи жолу бул административдик материал болуп эсептелет. Ошону аткарбаса, кийинкисинде кылмыш жоопкерчилиги каралат.

Бир жыл мурда Кыргызстанда убагында алимент төлөбөгөн 533 адам бар экени, алардын ону аялдар экени кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG