Коопсуздук кеңеши бүгүнкү отурумга Кошмо Штаттардын өтүнүчү менен чогулууда. Вашингтон Израилдин аймагы Палестина тараптан аткыланышын Коопсуздук кеңеши кескин айыпташын көздөп жатат.
АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли билдиргендей, палестин согушкерлери минометтон аткылоодо “жарандык инфраструктураны, анын ичинде бала бакчаларды да” бутага алган.
Газа тилкесинин минометтон жана ракеталардын аткыланышы үчүн палестиндердин ХАМАС жана “Исламчыл жихад” топтору жоопкерчилик алган. Буга Израил тарап Палестинанын базаларына абадан сокку уруп жооп берди.
Бул Израил менен ХАМАСтын 2014-жылкы согуштан берки эң ири каршылашуусу болду. Акыркы апталарда Газа сектору менен Израилдин чек арасында жөөт аскерлеринин огунан 100дөн ашуун палестиндин өмүрү кыйылган.
Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү отурумунда БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Николай Младеновдун баяндамасы угулат. (UE)