Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан үч полициячы мерт болду


Жанкечтилер жардыруу жасап, полиция бекетине кол салган жер. 30-май, 2018-жыл.
Жанкечтилер жардыруу жасап, полиция бекетине кол салган жер. 30-май, 2018-жыл.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, кандуу окуя Логар провинциясында болду. Жанкечтилердин тобу полиция бекетине кол салган. Логар провинциясынын борбору Пол-и-Алам шаарындагы чабуул үчүн "Талибан" жоопкер экенин анын өкүлү Забихулла Мужахиддин ырастады.

Жанкечтилердин жардыруусунан үч полиция кызматкеринин өмүрү кыйылгандан тышкары дагы он эки киши, анын ичинде сегиз жайкын тургун жарадар болду.

Ооган полициясынын маалыматына караганда, адегенде жанкечтилердин бири жардыруучу затка шыкалган унааны полициянын кеңсесине жакын жерде жардырган. Ал эми үч жанкечти ал жакка кирүүгө аракеттенгенде коопсуздук күчтөрү аларды атып өлтүргөн. Жардыруудан айланадагы бир нече үй да талкаланган.

"Талибан" быйыл апрелде жазгы чабуулу башталганын жарыялагандан бери ооган коопсуздук күчтөрүнө жана өкмөт өкүлдөрүнө каршы кол салууларын күчөттү. (UE)

XS
SM
MD
LG