Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:34

Жээнбеков аймактарда коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылды


Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

Өлкөнүн аймактарында коррупциялык жана экономикалык кылмыштарды ачуу боюнча ишти күчөтүү зарыл. Бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таировду кабыл алганда ушундай талап койду.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда мекеменин коррупция жана экономикалык кылмыштарга каршы ишинин натыйжалары, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин быйыл 8-февралындагы чечимин ишке ашыруу маселеси талкууланды.

- Тажрыйбанын жоктугу же кесипкөйлүктүн төмөндүгү тергөө иштерин өз убагында жана сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө тоскоол болуп жатат. Дал ушул кесипкөйлүк жактан Финансы полициясынын кызматкерлерине ишкерлер нааразы болуп жатышат, - деди Жээнбеков.

8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып президент "Бардык экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча шектүү адамдар белгилүү. Силер аларды кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпай жатасыӊар" деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG