Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 02:37

УКМК козгогон иштер “Ихласка” берилген жер боюнча экени ачыкка чыкты (видео)


"Ихлас" фирмасы үй куруп жаткан жер тилкеси. "Азаттыктын" 16-майдагы иликтөөсүндөгү тасмадан алынган кадр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Коррупция” беренеси менен козгогон кылмыш иштери Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн кайсы жер тилкелерине байланыштуу экенин ачыкка чыгарды.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы баш калаанын түштүк бөлүгүндөгү 187 гектар жердин айрым бөлүгү жеке компанияларга сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн. Бул аймактагы жер тилкелери өкмөттүн токтомунун негизинде Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу "Кыргызкурулушсервис" аттуу ишканага берилген. Аталган жер тилкелерине мамлекет административдик жана маданий багыттагы имараттарды гана курушу керек болчу.

Тергөөнүн материалдарына караганда, ошол жердин ичинен 2,8 гектар тилкени Бишкектин Башкы архитектура башкармалыгы жеке ишканалардын биринин кайрылуусунун негизинде тиешелүү уруксат документтери жок туруп ижарага берүү боюнча бүтүм чыгарган. Бул 2017-жылы сентябрда ишке ашкан. Мындан соң документтер Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгына жөнөтүлөт. Бул орган да жеке компаниянын пайдасына чечим чыгарган.

Тергөөдө аныкталгандай, натыйжада Мамлекеттик экспертизанын тиешелүү чечимин албай туруп, жасалма сынактын негизинде курулуш компаниясына жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ал эми аталган курулуш компаниясы Бишкектин түштүк тарабындагы бул участокко көп кабаттуу тандалма үйлөрдү кура баштаган. Коррупцияга каршы кызмат бул мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жүздөгөн миллион сом зыян келгенин билдирүүдө.

Факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш ишин козгогон. Ишти тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Бүгүн эртең менен парламентте маалымат берип жатып УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Разаев Бишкек шаарында мыйзамсыз бөлүнүп берилген жер тилкелерине байланыштуу эки кылмыш иши козголгонун билдирген.

"Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү буга чейин журналисттик иликтөө жүргүзүп, ал жер тилкеси "Ихлас" курулуш компаниясына берилгенин аныктаган эле. Аталган компания болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго жакын адамдарга таандык экени айтылган. Икрамжан Илмиянов болсо бул компанияга тиешеси жок экенин айтып, ал маалыматты төгүндөп келген. (BkA\ErN)

"Азаттыктын" аталган жер тилкелери боюнча иликтөөсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG