Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Алга Кылычов журналист Турат Акимовду сотко бергени боюнча маалыматты төгүндөдү


Алга Кылычов жана Турат Акимов.
Алга Кылычов жана Турат Акимов.

КСДП партиясынын мүчөсү, “Бириккен элдик кошуундардын” төрагасы Алга Кылычов “журналист Турат Акимовду Алга Кылычов сотко берди” деген маалыматты төгүндөп чыкты. Бул тууралуу Кылычов өзү “Азаттыкка” билдирди.

Кылычов Сөз эркиндигин коргоо комитетинин билдирүүсүндө көрсөтүлгөн маалымат туура эмес экенин, тескерисинче Акимов аны 70 млн. сомдук доо коюп сотко бергенин айтты.

21-майда Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге койгон материалдык доосунан баш тартканын кубаттаган билдирүү тараткан. Билдирүүдө ошондой эле “КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычов тарабынан “Kyrgyztoday” сайтына, анын ээси Бегалы Наргозуевге, саясатчы Мавлян Аскарбековго жана журналист Турат Акимовго коюлган 70 млн. сомдук материалдык доону да чакыртып алуу талап кылынганы” жазылган. Аталган комитеттин өкүлү Адил Турдукулов 30-майда бул боюнча комментарий берип, Турат Акимовдун фамилиясы бул жерде туура эмес кошулуп калганын моюнга алды.

Кылычовду сотко бергенин Турат Акимов да ырастап, “кезинде Кылычов анын кадыр-баркы жөнүндө туура эмес маалыматтарды таратканын, ошону үчүн ага 70 млн. сомдук доо койгонун” кабарлады. Акимов мынчалык көп доону экс-президент Алмазбек Атамбаевдин миллиондук доолорунан кийин, анын тарапкерине атайылап койгонун кошумчалады.

Акимов менен Кылычовдун талашы боюнча соттук иш Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралууда. Отурумдун күнү белгиленген эмес.(ErN)

XS
SM
MD
LG