Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Журналист Аркадий Бабченко тирүү болуп чыкты


Аркадий Бабченко (ортодо) Киевдеги басма сөз жыйынында. 30-май, 2018-жыл.
Аркадий Бабченко (ортодо) Киевдеги басма сөз жыйынында. 30-май, 2018-жыл.

Киевде журналист Аркадий Бабченконун өмүрүнө кол салуу атайын операция болгону ал өлтүрүлдү деп кабарлангандан дээрлик бир күндөн кийин айтылды.

Украинанын Коопсуздук кызматында иштин чоо-жайы түшүндүрүлгөн басма сөз жыйынга бүгүнжурналист өзү дагы катышты. “Украинанын Коопсуздук кызматына менен өмүрүмдү сактап калганына ыраазчылык айтам. Мага белгилүү болгондой бул операция эки ай даярдалган. Менин өмүрүмдү сактап калышты, бул үчүн дагы бир жолу ыраазымын, бирок ири масштабдагы теракттар алдын алынды”, - деди журналист.

Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Васил Грицактын билдиргенине караганда, алар Бабченкону өлтүрүүгө Орусиянын Коопсуздук кызматтары буюрутма бергенин бир нече ай мурда билген жана бул ишке тартылганын украин жараны атайын операциянын натыйжасында кармалды. “Биз атайын операциянын аркасында Бабченкону өлтүрүү аракетин алдын алдык”,- деди Грицак.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова буга байланыштуу Москва Бабченконун тирүү болуп чыкканына кубанычта экенин, бирок украин бийликтери жалган окуяны “пропаганда” катары жайылтканын белгиледи.

Буга чейин украин полициясы Бабченко кечээ кечинде Киевдеги үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөнү, ал жонуна үч ирет ок тийип, ооруканага алып бара жатышканда тез жардам унаасынын ичинде каза тапканын кабарланган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров украин бийликтеринин орусиялык журналист Аркадий Бабченконун Киевде атып өлтүрүлүшү үчүн Москва жоопкер деген билдирүүлөрүн четке каккан.

“Украинанын премьер-министри муну Орусиянын атайын кызматтары жасаганы жөнүндө айтып жатат, иликтөө иштери али баштала элек. Эл аралык иштерди алып баруунун мындай модасы өтө өкүнүчтүү”, - деген эле Лавров бүгүн Москвадагы басма сөз жыйында.

Ал эми ФСБнын башчысы Александр Бортников украин тараптын “Бабченкону өлтүрүүнүн артында Орусия турат” деген айыптоосун “чагым “ жана “нонсенс” деп атаганын “Интерфакс” маалымдаган.

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман Аркадий Бабченконун Киевде өлтүрүлүшү үчүн Орусия жоопкер деп эсептеген. “Москвада журналисттин “чынчылдыгын жана принципиалдуулугун” кечиришкен жок, Украинанын чыныгы досу дүйнөгө орусиялык агрессия тууралуу чындыкты айтып турган”,- деп жазган Гройсман өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына.

Бабченконун өлтүрүлүш артында Кремл турат деген пикирин мурдарак Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин дагы билдирген.

Аркадий Бабченко Орусиядан Украинага былтыр кетип, мунун себебин Кремлди сындаганы үчүн коркутууларга кабылып жатканы менен түшүндүргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG