Линктер

бейшемби, 22-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:58

Германияда поезддеги кол салуудан эки адам жарадар болду


Кол салуу болгон жерде. 30-май, 2018-жыл.

Германиянын Фленсбург шаарында белгисиз адам поезддин жүргүнчүлөрүнө бычак менен кол салып, эки кишини жарадар кылды.

Жабыркагандардын биринин абалы оор. Ал эми кол салган кишини полиция атып өлтүргөнүн жергиликтүү "Bild" гезити жазып чыкты. Шаардын поезд келип токтогон бекети жабылып, кыймыл токтотулду.

Кол салуунун себеби азырынча так эмес, тергөө жүрүп жатат. Маалыматтарга караганда, поезддеги бир жүргүнчүгө полиция кызматкерлери жакындап келгенде ал бычагын алып, полициячыларга кол салган. Германиянын Ички иштер министрлиги кол салган адам кандайдыр экстремисттик топ менен байланышы бары-жогун маалымдай элек.

XS
SM
MD
LG