Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Бишкек шаардык соту Канатбек Исаевдин ишин карайт


Канатбек Исаев сот залында.

31-майдагы сот жараянында акыркы сөз берилип, өкүм чыгышы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Канатбек Исаевдин жубайы Жамиля Исаева билдирди. Анын айтымында, акыркы соттук отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгышкан. Анда айыпталуучу Канатбек Исаев өзүнө тагылып жаткан айыпты четке кагып, базар курулган жер мэриянын менчигинде экенин, ал жерге муниципалдык базар курулмак болгонун айткан. Анын сөзүнө караганда, бул базардан мэрия пайда гана көрмөк. "Анткени базар салыш үчүн инвесторго жер берип, мэрия андан түшүүчү пайданын 30% үлүшүнө ээ болмок" деди Исаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы Канатбек Исаевди "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") алкагында кылмыш иши козголгон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан.

УКМК "Кыргызстан" партиясынын парламенттеги депутаты Канатбек Исаевди былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга депутат "бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деген негизде Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") менен иш козгогон.

Исаевдин жакындары аны камакка алууда саясий негиз бар экенин айтып, депутатты коргоо комитети да түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG