Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

АКШ: Тажикстанда диний абал өзгөчө тынчсыздандырууда


Тажикстандык аялдар.
Тажикстандык аялдар.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 29-майда дин тутуу эркиндигинин эл аралык абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Тажикстандагы абал "өзгөчө тынчсыздандырып" жатканы белгиленген.

Кошмо Штаттар 2017-жылы тажик бийлиги 220дан ашуун кишини "Экстремизм" айыбы менен камаганын билдирди. Аларын көбү бул өлкөдө тыюу салынган “Салафия” жана “Ислам мамлекети” тобуна тиешеси бар деп табылган. ИМ көзөмөлдөгөн аймактардан мекенине өз эрки менен кайтып келген 13 киши мунапыс менен бошотулган.

Баяндаманын авторлору Тажикстанда диний азчылыктардын уюмдары, анын ичинде жалгыз синагога катталбай жатканын, “Жахаба күбөлөрүнө” тыюу салынганын билдирген.

​Тажикстандын Ички иштер министрлиги бардык мечиттерде видео көзөмөл камераларын орноткон. Мамлекеттик департамент хижаб кийген аялдар менен сакал койгон эркектер куугунтукталып жатканына тынчсызданууда.

Баяндамада бийлик жарандардын “экстремисттик уюмдарга” кошулуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатканы белгилеген. Буга чейин Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети өкмөттү кулатууга үгүттөө да “экстремизмге” кирерин билдирген.

​2017-жылы коомдук жайлардын алдында 2 миңдей мечит уюштурулган, 3900 диний мекеме расмий түрдө мечит макамын алган. 2017-жылы августта Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитет аялдардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Маалыматтарга караганда, 8 миң аялдын 90 пайызын диний кийимдерден баш тартууга көндүрүүгө мүмкүн болгон.

XS
SM
MD
LG