Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүп жаткан эл аралык антитеррористтик “Канал-Кордон” операциясынын алкагында көп курал-жарак табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, Түп районунун О.К. аттуу 32 жаштагы тургунунун үйүнөн “Сайга” үлгүсүндөгү бир мылтык, түнкүсүн атууга ыңгайлаштырылып жасалган (НСПУ) бир мылтык, 16 калибрдеги эки мылтык, ар кайсы калибрдеги 107 даана ок, дагы эки ок салуучу жабдуу (магазин) алынды. Куралдардын ээсинде эч кандай уруксат кагаздары болгон эмес.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин алынган курал-жарак ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
“Канал-Кордон” операциясын чек арачылар менен милиция кызматкерлери чогуу алып барууда. (ErN)