“Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын жана туристтик сезондун алдында Ысык-Көлдө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук суроо жаратууда” деп эсептейт Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Аида Исмаилова.
Мындай пикирин ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирип, жергиликтүү текшерүүчү органдар көзөмөлдү тиешелүү деңгээлде камсыздай албай жатканын айтты.
- Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин Чолпон-Ата шаары боюнча бөлүмү алдына коюлган милдеттерди аткара албай жатат жана ал райондо тиешелүү шарт түзө алган жок, - деди депутат.
Көчмөндөр оюндары алгач 2014-жылы, экинчи жолу 2016-жылы өткөн. Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда болот. (RK)