Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

Сагынбаев: Кол тийбестиктен ажыратуу маселесин эл чечкени туура (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экс-президенттерден кол тийбестик макамын алуу боюнча чечимди эл кабыл алышы керек. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

"Бул маселени дагы кошумча карап чыгуу зарыл. Демилгени жалпы эл талкуулаганы туура. Чечимди 120 депутат же президент эле чечип койбошу керек. Балким, референдумда чечилиши зарыл", - деди ал.

17-майда парламент Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу маселени талкуулап жатканда экс-президенттерден кол тийбестикти алуу демилгесин колдогон. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин мындай сунушун жыйынга катышкан 112 депутаттын 87си колдоп, 14ү каршы добуш берген. (RK)

XS
SM
MD
LG