Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

Мектептерде китептер ижарага бериле баштайт


Кыргызстандагы китепканалардын бири.
Кыргызстандагы китепканалардын бири.

Кыргызстандын өкмөтү Билим берүү жана илим министрлигине окуу китептерин ижарага бере турган “Жаӊы китеп” мекемесин түзүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, “Жаӊы китеп” мекемеси жалпы билим берүү мекемелериндеги окуу китептеринин жетишсиздик маселесин чечүүгө багытталган. Мунун алкагында китептерди ижарага берүү механизми баскычтар менен киргизилет.

Ага ылайык, 5-11-класстардын окуучулары үчүн жаңы предметтик билим берүү стандарттары боюнча басылып чыккан жаңы окуу китептери ижара аркылуу пайдаланууга берилет. Аяр катмардагы окуучулар төлөмдөн бошотулат, ал эми 3-4 балалуу үй-бүлөнүн балдары ижара акысынын жарымын төлөшөт.

Акы алына турган окуу китептеринин тизмесин жыл сайын министрлик бекитип турат. Бул демилге мектептен сырткары китеп сатып алууга аргасыз болгон окуучулардын ата-энелерине каржылык жактан колдоо көргөзүү максатында киргизилүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда мектеп китепканаларындагы окуу китептеринин 60% ашууну моралдык жактан эскилиги жеткен. Алар окуу программаларынын талаптарына жана санитардык-гигиеналык ченемдерге жооп бербейт. Натыйжада окуучулардын ата-энелери ар бир китепти 250дөн 500 сомго чейинки баада сатып беришет. Алардын арасында окуу китептерин сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер да бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG